Кыргызстандык кыз "Ты супер!" шоусунун кийинки туруна өтпөй калды. Видео

Жазылуу
Бишкектик ырчы кыз Карина Амринова "Ты супер!" музыкалык шоусунун кийинки туруна өтө албай калды. Бирок ал буга карабастан вокал менен алектенүүнү улантарын айтты.

"Ты супер!" шоусу — НТВ телеканалы менен Sputnik эл аралык агенттиги жана радиосунун ири долбоору. Ага КМШнын аймагындагы вокалдык таланты бар балдар катышат. Кечээ, 20-сентябрда, мызкалык конкурстун төртүнчү сезону башталып, анда Кыргызстандын атынан 18 жаштагы Карина Амринова ат салышты.

Бишкектик ырчы долбоордун биринчи баскычында эле четтеп калды. Ал чыгарма аткарып бүткөндөн кийин маек берип жатып, ушуну менен токтоп калбастан вокал менен алектенерин айтты. Ошондой эле автордук ырларды жазуу ниети бар экендигин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0