Жалда өрттөнгөн көп кабаттуу үйдүн эмнеси калды. Дрондон тартылган видео

Жазылуу
Бейшембиге караган түнү борбор калаадагы Жал кичи районунда жаңыдан курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн өрт чыккан. Аталган имараттын күйгөндөн калган көрүнүшүн Sputnik Кыргызстандын видеосунан көрүңүздөр.

Өрт тууралуу ӨКМге саат 22.20ларда чакыруу түшкөн. Тилсиз жоо менен кармашууга төрт бригада тартылган. Ошондой эле бир автошаты, бир суу ташуучу унаа жеринде иш алып барды. Анын натыйжасында саат 23:52де жалын чектөөгө алынып, 01:13тө толугу менен өчүрүлдү.

Жалын 400 чарчы метр аянтты жалмап, курулуш буюмдары күйгөн.

Опалубкалар жерге кулап... Жалда күйүп жаткан көп кабаттуу үйдүн видеосу

Тез жардам кызматынан бир бригада келип күзөтүп турганы айтылды. Бактыга жараша, жабыркагандар болгон жок. Ошондой эле 25 милиция кызматкери келип коопсуздукту камсыздаган.

Кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0