Автомат, мылтык жана тапанча табылды. Бишкекте жети киши кармалган видео

Жазылуу
Колго түшүрүлгөндөрдүн арасында мурда соттолгондор бар. Алардын талап-тоноочулукка жана жүк ташыган ири автоунааларга кол салуу кылмышына тиешеси болушу мүмкүндүгү айтылууда.

Борбор калаада атайын даярдыктагы тез арада аракетке келүүчү отряд шаарда кылмыш жасоого даярданып жаткан жети кишини кармады. Бул туурасында Бишкек шаардык ИИББдин маалымат кызматы кабарлады.

Ведомство атайын даярдыктагы аскерлер шектүүлөр жашынып жаткан көп кабаттуу үйдүн батирине кирип барып, колго түшүргөн видеону жарыялады. Алардын жанынан курал, ок-дарылар жана тыюу салынган буюмдар табылган.

Маалыматта жетөөнүн Бишкекке кылмыш жасоо ниети менен жашыруун келгени айтылды. Ыкчам иш алып барган тартип сактоочулар жашырынып жүргөн бул кишилердин изине түшкөн.

Милициянын Кочкор-Атада кылмыштуу топтун 11 мүчөсүн кармаган видеосу

Кармалгандардын ичинен үчөө баңгизаттарын мыйзамсыз сактаганы, каракчылык иштерин жасап жана алдамчылык кылганы үчүн мурда соттолгондор болуп чыккан. Алардын курагы 20-35 жаштын ортосунда.

"Мындан сырткары, уурулук жасап жана жүк ташуучу ири автоунааларды тоноого катыштыгы бар деп шектелген маалымат түшкөн", — деп айтылат билдирүүдө.

Кармалгандар Бишкек шаардык ИИББдин тергөө абагына киргизилген.

Алар жашынып жаткан батирди тинтүү учурунда номери өчүрүлгөн Калашников автоматын (75 огу менен эки магазин), жыйырма огу менен ТОЗ-8 мылтыгын, номери өчүрүлгөн травматикалык ФОРТ-12Р тапанчасын (14 ок жана эки магазини менен) табышкан. Булардан сырткары эки рация жана кол телефон чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0