Куйругуна таяна калып... Тажаалданган кенгурулардын мушташкан видеосу чыкты

Жазылуу
Видеодо кенгурулар бири-бирин бети-башка чапкылап, куйругуна таянып атаандашын ичке тээп жатканын көрүүгө болот.

Австралияда бири-бирин бетке, башка чаап, ичке тепкен кенгурулардын видеосу интернетке чыкты. Мындай кызыктуу окуяны "Известия" басылмасы жарыялады.

Перт шаарында болгон жаныбарлардын мушташын окуянын күбөлөрү видеого тартып алышкан.

Бири-бирин челип "мушташа кеткен" бизондор жол кыймылын бууп койду. Видео

Анда кенгурулар бири-бирин бетке, башка чапкылап, куйругуна таянып калып эки буттап тепкилешип жатканын көрүүгө болот.

Видеого карата ар кандай комментарийлер айтылган. Айрымдар бул Австралияда кадыресе көрүнүш экенин айтса, кээси эркек кенгурулар куут мезгилинде ургаачыларын талашып мушташат деген.

Кенгурулардын бул мушташын полиция токтотконуна кызыккан комментарийлер да айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0