Жүрөк үшүн алган таңкы кырсык. Краснодардагы ири өрттүн видеосу

Жазылуу
Краснодар аймагында чыккан өрттөн 54 батир күйүп кетти. Анын кесепетинен 300гө чукул адам үй-жайсыз калды. Бул туурасында РИА Новости билдирди.

Тилсиз жоо сегиз кабаттуу үйдүн жетинчи кабатынан чыгып, мансардына жармашкан. Андан кийин өрт имараттын чатырына толугу менен жайылып, кыска убакыттын ичинде төрт эсе көбөйүп, жалындаган.

Интернет айдыңында мындай ири өрт туурасында видеолор көп кездеше бербейт. Бирок бул сапаркы видео жүрөктүн үшүн албай койбойт.

Кара түтүн менен кызыл жалын каптап... Бейрутта кайрадан өрт чыкты. Видео

Маалыматка караганда, кырсыкты жоюуга 214кө чукул адис жана 63төн көп өрт өчүрүүчү техника тартылган.

Россиянын ӨКМи аны төртүнчү даражадагы өрт кырсыгы деген категорияга киргизген. Жалын таңкы 5:30да чектелип, толугу менен 7.43тө өчүрүлгөн.

Үйү күйүп кеткендерди жергиликтүү бийлик мейманканага жайгаштырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0