Тумшукка тээп, жыга чаап… UFC Fight Night 177 мелдешинин ирмемдери видеодо

Жазылуу
UFC 13-сентябрда Лас-Вегаста өткөн мелдештин урунттуу учурларынын видео жыйнагын чыгарды. Ал эс тандырган соккулар, катаал нокауттар менен коштолгон.

Мелдештин кызыктуу учурлары UFC Russia YouTube каналына жарыяланды.

Кеченин башкы окуясы Мишель Уотерсон менен Анжела Хиллдин кармашы болду. Беттеште 34 жаштагы Уотерсон калыстардын чечими менен жеңүүчү деп табылган. Эки мушкер кыз да АКШнын атынан чыккан.

Атаандашын оодара тээп, нокаутка түшүргөн мушкер UFC уюмуна чакырылды. Видео

Молдовалык алп мушкер Александр "Кинг Конг" Романов UFC уюмундагы дебюттук беттешинин экинчи раундунда Роки Мартинести багынып берүүгө аргасыз кылганы менен көзгө көрүндү. 29 жаштагы Романов 12 беттеш өткөрүп, баарын нокаут менен жеңген.

Кеченин дагы беттешинде Оттман Азайтар (Германия) менен Хама Ворти (АКШ) кезикти. Биринчи эле раундда нокаут менен Азайтар жеңишке жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0