05:25 21 Аяк оона 2020
Түз эфир
  • USD79.0444
  • EUR93.7348
  • RUB1.0535
Видео

Окумуштуулар коронавирусту өзү аныктай алган бет кап ойлоп табышты. Видео

Кыскача шилтеме алуу
181 0 0
© YouTube / The Straits Times

Сингапурдун окумуштуулары атайын датчиктин жардамы менен коронавирустук инфекциянын белгилерин аныктай алган масканы ойлоп табышты.

Жаңы ойлоп табуунун видеосу The Straits Times аталышындагы YouTube-каналга жүктөлдү.

Иштеп чыгуучулардын айтымында, бет каптын ичиндеги датчиктер адамдын абалы, дем алуусу, жүрөгүнүн согушу, ошондой эле кычкылтек, кан басым менен дене табы тууралуу маалымат чогултат.

Андан кийин "акылдуу бет кап" маалыматтын бардыгын уюлдук телефондогу тиркемеге билдирери белгиленди. Ал эми ден соолук боюнча көрсөткүчтөр жарым саат сайын жаңыланат.

COVID пандемиясынан кийин жүрөк оорулуулар көбөйүшү мүмкүн

Датчиктер электрондук болгондугуна карабастан, аларды жууп, ал тургай бир бет каптан экинчисине такса болот. Датчиктердин сырты толугу менен нымга туруктуу болуп саналат.

Мындай маска алгачкы этапта 36,5 долларга бааланары айтылат. Бирок окумуштуулар жапырт сатыкка чыкканда анын наркы төмөндөп, болжол менен 14 долларга алса болорун болжолдошууда.

Тема боюнча

Индонезияда бет кап режимин бузгандарды табыттарга салып жазалашты
Белгилер:
видео, бет кап, коронавирус, Сингапур

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ