Ошто топтошкон балдар студентти сабап кетишти. Окуя видео түшүп калган

Жазылуу
Шектүү катары кармалгандар Чоң-Алай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын тургундары экени белгилүү болду.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Ош шаарында курсташ жигитти сабоого шектелип студенттер кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Кечээ, 10-сентябрда, саат 17:25тер чамасында калаадагы ооруканалардын биринен 24 жаштагы Б.Н. аттуу жаран Ош шаарынын Ленин көчөсүндө сабалганы боюнча маалымат келип түшкөн.

Аталган окуя Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси ("Ээнбаштык") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Аксы: үгүтчүнү коркутуп башка партияга иштөөгө мажбурлагандар камалды

Жабырлануучуну өзүнүн курсташ балдары сабаганы аныкталып, алты студент жигит шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Алар Чоң-Алай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын тургундары экени белгилүү болду.

Жабырлануучуга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган, учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0