Кызды көк боёкко салган жигиттин кылыгы, нааразы болгон коомчулук. Видео

Жазылуу
Кыз сууга түшүп, андан соң кургана баштаганда блогер кыйкырган үндү уккан. Бир нече убакыттан кийин ал ваннадан сүлгү оронуп чыкканда, денесинин көпкөк болуп турганын көрүүгө болот.

YouTube-блогери Кристен Хэнби сүйлөшкөн кызы Жесминди тамашага салып, ваннага көбүктүн ордуна боёк куюп койгон пранкты жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Анткени менен жигиттин бул кылыгы көпчүлүккө жаккан жок.

Ал видеону Instagram баракчасына жарыялаган.

Кыз сууга түшүп, андан соң кургана баштаганда блогер кыйкырган үндү уккан. Ваннадан Жесмин сүлгү оронуп чыкканда, денесинин көпкөк болуп турганын көрүүгө болот.

Жамбашы чоң, колдору калдайган Бекхэм. Спортчуну тамашага салган видео

Хэнби өзү ага каткырып күлүп, "дүйнөдөгү эң каардуу смурф" деп атаган.

Twitter колдонуучуларынын бири өзүнүн баракчасына видеону бөлүшүп, пранкердин мунусу тамаша эместигин айтканда, аны көптөр кубаттап жазышкан.

"Анын өлүп калышы мүмкүн болчу. Боёк кыздын оозу-мурдуна, көзүнө жана башка жерине кирбеши керек. Бул өтө кооптуу нерсе. Тезирээк дарыгерге кайрылышы керек, себеби ден соолугуна зыян келиши мүмкүн", — деп жазган интернет колдонуучулардын бири.

Ал эми кээ бирөөлөрү Хербини кызга болгон кадыресе сый-урматы болбогону үчүн күнөөлөдү.

"Ага эмне кылыптыр? Мындай нерселер өч алыш үчүн жасалат. Жөндөн-жөн эч ким мындай кылбаса керек", — деген бир катарлары.

Алардын арасында пранкерге жан тарткандар да чыккан.

"Эгерде кыздар мындай нерсени жигиттерге жасаса, видеодо пранкерди урушуп жаткандар каткырып күлмөк", — деп жазган колдонуучулар да болгон.

Ал эми кыздын бул боюнча эмне деп жазганы белгисиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0