Болливуд жылдыздары менен Бишкекте тартылган клип чыкты. Видео

Жазылуу
Индиялык ырчы Дидар Каур менен аткаруучу Шахид Маллиа Кыргызстанда тартылган музыкалык клибин жарыялашты.

"Chadeya Fitoor" ырына тартылган видеоклип Индиянын Times Music аттуу белгилүү YouTube-каналына чыккан.

Жергиликтүү ЖМКлар маалымдагандай, клипте башкы ролдорду Болливуд жылдызы Шивин Наранг менен модель Вартика Сингх аткарган. Сингх "Аалам сулуусу — 2019" сынагына катышкан.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Shivin Narang (@shivin7)

"Клип коронавирус пандемиясынан улам чек аралар жабылганга чейин эле даяр болуп калган. Аэропорттордо карантиндик текшерүүлөр жүрө баштаганы эсимде. Баарыбыз бет капчан болчубуз", — деген Наранг.

Анын айтымында, видео Бишкекте март айында тартылган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Shivin Narang (@shivin7)

"Клипти шаардын чок ортосунан, чет жакасынан да тартканбыз. Бардык жер кооз эле. Көрсө, кыргызстандыктар индия кинолорун, телешоуларды абдан жакшы көрөт экен. Тартуу процессинде мени тааныган адамдарды жолуктура алдым", — деген актёр.

Билли Айлиштин жаңы клибин сутка ичинде бир нече миллион адам көрдү

Азыркы учурда клипти 3,7 миллион адам көргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0