Бишкектеги инфекциялык оорукананын корпусу кандай курулууда. Видео

Жазылуу
Саламаттык сактоо уюму Бишкекте жайгашкан Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасынын 100 орундуу жаңы корпусунун курулушу план боюнча жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Министрлик социалдык тармактагы баракчасына курулуш жүрүп жаткан медициналык жайдын видеосун чыгарды. Курулуш менен саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өзү барып таанышкан.

Боронов курула турган ооруканалардын сапаттуу болушун талап кылды

Аталган оорукананын жетекчиси Гүлжигит Аалиевдин айтымында, иш катуу жүрүп жатат, корпус жакынкы күндөрү ишке берилиши керек. Имарат бир нече блоктон турат, айрымдарынын чатыры жабылса, бирөөнүн жумушу аяктап калды.

"Медициналык жабдыктардын тизмеси биз менен макулдашылган, жакын арада сатып ала баштайбыз", — деген Аалиев.

Ал эми министр Абдикаримов курулуш иши план боюнча жүргүзүлүп жатканын айтып, оорукананын бөлүмдөрү бардык талаптарга жооп берерин кошумчалаган.

Эске сала кетсек, июль айынын аягында Бишкек жана Ош шаарларында жугуштуу илдеттерди дарылоочу жаңы ооруканалар курулуп баштаган. Ал эми башка аймактарда колдонулбай калган курулуштарды оорукана кылып жасап чыгуу иши жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0