Арстандын беш гепарддын олжосун тартып алган видеосу

Жазылуу
Түштүк Африкадагы Крюгер жаратылыш паркына баргандар арстандын ургаачысы гепарддар тобунун жеп жаткан антилопасын тартып алганына күбө болгон.

Дэни Бестердин видеосу парктын YouTube каналына жарыяланды. Туристтер сафари-турдан кайтып келе жатып бир нече жаныбардын антилопаны жеп жатканын байкаган.

"Алыстан чуркап келе жаткан биринчи гепардды, андан соң экинчи, үчүнчү, төртүнчүсүн байкадык. Алардын энеси олжосун биздин автоунаанын алдына жыгып, бир аздан соң төрт баласын чакырган окшойт. Ошентип аталган жаныбарлардын кантип аңчылык кылгандыгын өз көзүбүз менен көрдүк!" — деген ал.

Арстан ургаачысын ыза кылган гиеналарды талаалата кубалаган видео

Видеонун авторунун айтымында, ургаачы гепарддын кебетеси бир учурда капысынан эле дароо өзгөрүп кеткен. Аларга башка жырткыч жакындап келе жаткандыгын сезгендигин бир нече ирмемдерден кийин байкашкан. Арстанды көргөн балдары ар тарапка жабыла качкан. Ал эми энеси өлүктүн жанында бир аз аялдай туруп, андан соң кеткенге аргасыз болгон. Анткен менен айланчыктап, жыгылган бактардын артында акмалап турган.

"Арстандын тигилерден тартып алган олжосун алып, келген жолуна кайра түшкөндүгүн да өз көзүбүз менен көрдүк", — деп айтып берген Бестер.

Жаратылыш паркынын кожойкеси келгенден кийин эне гепард балдарын коопсуз жерге алып кеткенге аракет кылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0