Күйүп жаткан тегерек темирден секирем деп кулап түшкөн каскадер. Видео

Жазылуу
29-август күнү Каменск-Уральский шаарында "Автоунаалар таймашы" аттуу шоу өткөн. Окуянын видеосу интернетке чыкты.

Россиянын Свердлов облусунда көрүүчүлөргө оюн көрсөтүп жаткан каскадер күйүп жаткан тегерек алкактан өтөм деп кулап түшкөн. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги кабарлап, окуянын видеосун жарыялады.

Билдирмеге ылайык, 29-август күнү Каменск-Уральский шаарында "Автоунаалар таймашы" аттуу шоу өткөн. Окуянын видеосу интернетте пайда болгон.

Бишкекте мотоцикл күйүп, айдоочусу жабыркады. Видео

Анда көрүнүп тургандай, иш-чаранын катышуучуларынын бири катуу жүрүп келе жаткан автоунаанын үстүнөн күйүп жаткан шакекке секирип кирүүгө аракет кылган. Бирок ал конструкцияга илинип калып жыгылып түшкөн. Чочуп кеткен көрүүчүлөр кыйкырып жиберишкен. Анткен менен каскадер дароо туруп кеткен.

Окуя болгон жерге Тез жардам кызматы дароо келгени, спортчунун абалы жакшы экени кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0