Дүйнөлүк рекорд. Шотландияда кочкор 490 миңден ашык долларга сатылды. Видео

Жазылуу
Тексель тукумундагы койлордун этинин сапаты мыкты болгондуктан өзгөчө бааланып, кымбат сатып алышат.

Шотландияда аукционго коюлуп 367,5 миң фунтка (490,6 миң доллардын тегереги) сатылган кочкор баасы боюнча дүйнөлүк рекорд жаратты. Бул тууралуу РИА Новости британиялык Independent басылмасына таянуу менен жазды.

Жер жүзүндөгү эң кымбат бул жаныбардын аты Double Diamond ("Кош бриллиант"), тексель тукумунан чыккан. Аукционго коюлганда баасы 10.5 фунттан (14 миң доллар) башталган.

Ээси 10 миң долларга бербеген алп кочкор Гулливердин жеңиши. Казакстандагы видео

Деген менен жыйынтыктоочу баасы Улуу Британия эле эмес, дүйнө боюнча рекорддук көрсөткүчкө жеткен. Мурдагы рекорд жараткан кой 2009-жылы Шотландиянын Ланарка шаарында 231 миң фунтка сатылганы айтылат.

Тексель тукумундагы койлор Улуу Британияда белгилүү майда жандык катары сыпатталат. Аларды тукум алып көбөйтүү максатында багышат. Анын этинин сапаты мыкты болгондуктан өзгөчө бааланып, кымбат сатып алуудан кайра тартышпайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0