Артыкчылыгы арбын. Россия чыгара баштачу электромобиль тууралуу видео

Жазылуу
Автоунааны россиялык компания жасап чыкты. Азырынча базалык жана люкс класстагы эки комплектацияда чыгарылмакчы. Арзандыгы, батареясынын көпкө жеткени жана тез кубатталганы менен өзгөчөлөнөт.

Zetta — толугу менен Россияда өндүрүлгөн алгачкы электромобиль. Ал алты жыл жасалып, сыноодон өткөндөн кийин гана элге сунушталганы турат. Өзү сыяктуу машиналардын арасында өтө арзан деп эсептелет.

"Толугу менен өзүбүз иштеп чыктык. Бардык тетиктери бизде жасалган. Электроникалык түзүмү толугу менен борборлоштурулган компьютерге кошулду", — деди Zetta компаниясынын башкы директору Денис Щуровский.

Казакстан автобус чыгарып, Кыргызстанга экспорттоону пландап жатат

Россияда жасалган электрокар, Щуровскийдин айтымында, атаандаштарынан бир топ өзгөчөлөнүп турат. Мисалы, люкс класстагы модели энергиялык майнаптуулукту арттырган жаңы технология менен жасалган. Бир эле көлөмдөгү батарея менен Zetta автоунаалары атаандашына караганда 55 пайызга узагыраак аралыкты басып өтөт.

Базалык моделинин баасы — 550 000 рубль, бул 7 500 доллардан бир аз жогору. Люкс класстагысы 1 миллион рублден арзаныраак, демек 13 700 доллардын тегереги болот.

Бул атаандаштардыкына караганда алда канча арзан. Мисалы, Кытайдын Kandi компаниясы өндүргөн K27 электромобили бардык салыктарды эске алганда 13 миң доллар турат.

Бишкек мэриясы электробустарды жүргүзүү үчүн каражат тапты

Щуровскийдин айтымында, базалык моделинин батареясы 180 чакырымга жетсе, люкс класстагысы бир батарея менен 360 чакырым жүрөт.

Базалык моделдеги автону 220 вольт, тагыраагы, үйдө заряддаса, бир батареянын толушуна алты саат кетет. 380 вольт жана 16 ампер менен заряддоо үчүн үч саат жетиштүү. Ал эми өндүрүш жайларында колдонулчу 380 вольт жана 64 ампер болсо, автоңуз 25 мүнөттүн ичинде жүрүп кетүүгө дайын болот", — деди директор.

Zetta автоунааларына төрт кишиге чейин батат. Ылдамдыгы саатына 110 чакырымга чейин жетет.

Өндүрүүчүлөрдүн айтымында, бул автолорго чет элдик компаниялар дагы кызыгып жатат. Башка мамлекеттерге бул тууралуу маалымат кеңири тарай электигине карабай, заказдардын дээрлик 50 пайызы чет элдиктерден болууда.

Ысык-Көлдө атамекендик ишкана коргонуучу кийим тиге баштады. Сүрөт

"Индияда чогултуу боюнча келишимге кол коюлду. Ошондой эле Германия, Швейцария, Испания жана Парагвай мамлекеттери тараптан кызыгуу болуп жатат", — деди Щуровский.

Россиянын өндүрүш жана соода министри Денис Мантуровдун айтымында, массалык өндүрүү автону каттоодон өткөрүү процесси аяктаары менен, тагыраагы, 2020-жылдын аягында башталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0