Италияда казак туристтер эс алып жүргөн яхта чөгүп кетти. Видео

Жазылуу
Италияда кеме өрттөнүп, андан кийин сууга чөгүп кетти. Ичинде Казакстандан барган туристтер бар экени айтылды. Бактыга жараша, баары аман-эсен.

Euronews маалымдагандай, өрт Lady MM деп аталган 50 метрлик кеме Капри аралынан Сардиния аралына бара жатканда башталган.

"Яхта күйө баштаганда ичинде 17 адам бар болчу. Анын сегизи казакстандык туристтер, тогузу экипаж мүчөлөрү. Бардыгы өз алдынча кемеден чыкканга жетишкен. Жээк күзөтү барганда алардын бардыгы кичинекей кайыкта болчу. Ошол жерден дароо эвакуацияланышты", — деп айтылат билдирмеде.

Видео асмандан тартылган. Анда Жер ортолук деңиздин үстүндө кеменин жалындап күйүп жатканын көрүүгө болот. Өрт тез эле жайылып, кемени кара түтүн каптап, андан кийин чөгүп кеткен.

Кемелер парады. Россияда Аскер-деңиз флотунун күнүн белгилешти. Видео

Өрттү өчүрүүгө жээк күзөтүнүн эки катери жана тик учак тартылган.

Ал арада Sputnik Казакстан агенттигине аталган мамлекеттин Тышкы иштер министрлиги окуя боюнча кабардар эмес экенин айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0