Минск шаарында оппозициянын тарапташтары митингге чыкты. Видео

Жазылуу
Акцияга уруксат алынбаганы айтылат. Демонстранттар Эгемендүүлүк аянтына колонна болуп агылууда.

Беларустун борбору Минск шаарында оппозициянын тарапташтары митингге чыкты. Милициянын эскертүүсүнө карабастан демонстранттар колонна болуп аянтты көздөй агылууда. Мында жол кыймылына тоскоолдук жаралганы айтылып жатат.

Мындан тышкары, "Минск — баатыр-шаар" стеласына жүк ташыган аскерий автоунаалар келип жатканы белгилүү болду. Беларустун Коргоо министрлиги эстеликтерди күзөтүү иштерин күчөттү.

Элге рахматын айткан Лукашенко, кооптонгон коомчулук. Беларустагы абалга баяндама

Эскерте кетсек, өлкөдө 9-август күнү өткөн президенттик шайлоодон кийин массалык митингдер токтой элек. Лукашенко жеңип чыккан шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун акциясы өзгөчө акыркы күндөрү күчөп кеткени айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0