Москвада танк биатлону боюнча мелдеш башталды. Видео

Жазылуу
Кыргызстандын экипажы 25-августтан тарта Россия, Казакстан жана Өзбекстан менен бир командада ойнойт. Мелдеш күчтүү команданы аныктап, ошондой эле көрүүчүлөргө заманбап аскер техникасынын мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтөт.

Москванын жанындагы Алабино полигонунда "АрМИ-2020" VI армия оюндарынын алкагында танк биатлону башталды. Оюндар 23-августтан 5-сентябрга чейин өтөт.

Тогузунчу ирет өтүп жаткан мелдеш эң кесипкөй танк экипажын аныктап, көрүүчүлөргө заманбап аскер техникасынын мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп берет.

"AрМИ-2020" турниринин ачылыш күнүндө экинчи дүйнөлүк согуштун мыкты согуштук техникасы деп эсептелген советтик Т-34 танкаларында экипаждарынын жарышы өтөт.

КР аскерлери катышат. Москвада танк биатлону боюнча мелдеш старт алды

Уюштуруучулардын айтымында, 19 мамлекеттин аскер бөлүктөрү, анын ичинде Кыргызстан, Беларусь, Казакстан, Кытай жана башкалар танк биатлонуна катыша турганын тастыкташкан.

Быйылкы мелдеште ок атуу тапшырмалары көбөйтүлүп, анын таамайлыгына, ылдамдыгына маани берилери айтылды.

"Жеке жарыш" этабындагы чүчүкулактын жыйынтыгы боюнча биринчи мелдешке Беларусь, Азербайжан, Кытай жана Сербиянын экипаждары катышат. Кыргызстандын экипажы Россия, Казакстан жана Өзбекстан менен биргеликте 25-августта өтө турган экинчи жарышка чыкмакчы.

Россиядагы танк биатлону жылдырылды, бирок кыргыз жоокерлери ага кам көрүүдө

Буга чейин Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабы аскерлер пандемияга карабай эл аралык танк биатлонуна даярдык көрүп жатканын билдирген.

Танк биатлону боюнча АрМИ мелдеши — Россияда жыл сайын өткөрүлүп келген аскердик ири иш-чаралардын бири. Ага ондогон өлкөнүн аскерлери катышат. Былтыр Россиянын, Ирандын жана Армениянын командаларынан барган өз тайпасында Кыргызстан экинчи орунду алган. Кыргызстан бул мелдешке 2013-жылдан бери катышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0