Ноокатта иштеген 74 медик Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү. Видео

Жазылуу
Көрүнбөгөн душман менен кармашкан ак халатчандар жети күн акысыз эс алып, ден соолугун чыңдап кайтышат.

Ош облусунун Ноокат районунда коронавируска каршы күрөшкөн медицина кызматкерлери Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү. Бул туурасында өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматта Ноокат районунун акиминин демилгеси менен жергиликтүү бийлик органдарынын колдоосунда айыл аймактарда иштеген 74 медицина кызматкери бүгүн жолго чыкканы айтылат. Алар Ысык-Көлдө жети күн акысыз эс алып, ден соолугун чыңдап кайтышмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0