Дарыгерлер бийлеп... Бишкектеги оорукана акыркы бейтабын шаң менен узатты. Видео

Жазылуу
Кыргыз темир жолу ооруканасынын эмгек жамааты COVID-19 илдетинен сакайган акыркы бейтапты өзгөчө салтанат менен үйүнө чыгарышты.

Бул ирмемдерди Саламаттык сактоо министрлиги жарыялады. Кадрдан жеке коргонуу каражаттарын кийген дарыгерлер бийлеп, акыркы бейтапка гүл берип, башына жоолук салып узатканын көрүүгө болот. Өз кезегинде айыгып чыккан карыя медиктерге таазим этип, батасын берген.

Оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Ирина Шевцованын айтымында, 79 жаштагы байбиче 6-август күнү келип жаткан. Ал COVID-19 илдетине кабылып, эки тараптуу пневмония болгону аныкталган.

Бүгүн Кыргызстанда 261 киши коронавирусту жеңип чыкты

"Бизге келгенде абалы орто болчу. Жаш курагы 80ге таяп калган карыя биздин дарыгерлердин жардамы менен ооруну жеңип, 15-августта салтанаттуу түрдө үйүнө чыгарылды", — деп айткан Шевцова.

Азыркы учурда оорукана кадимки тартипте иштеп, өз профили боюнча бейтаптарды кабыл ала баштаганы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0