Ойлонбой секирди! Крымда 7 жаштагы кыздын баланы сактап калган видеосу

Жазылуу
Крымда жети жаштагы кыз сууда сүзгөндү билбеген беш жашар баланы сактап калды. Кичинекей кыздан мындай каармандыкты эч ким күткөн эмес.

Окуянын кандай болгонун көрсөткөн видео РИА Новости агенттигинин YouTube каналына жарыяланды.

Бала бассейндин жээгинде ойноп жатып, сууга кулап түшкөн.

Деңизге түшүп кеткен бала тасмада көргөн кеңештерди аткарып аман калды

Жергиликтүү ЖМКлардын жазганына караганда, окуя Судак аймагындагы поселоктордун биринде болгон. Кыз ата-энеси менен Туладан келген, ал эми бөбөк үй-бүлөсү менен Когалымда жашаарын жазышкан.

Кадрдан бала бассейнге кулап түшкөндө кыз чуркап келип, ойлонбой туруп сууга секиргендигин көрүүгө болот. Ал тургай бөбөктүн дем алышы үчүн баланы башынан кармап турган. Ал арада ошол жердеги чоңдор чуркап келип, аны суудан алып чыгышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0