АКШ Россияны "талиптер менен байланыш" үчүн опузалады. Ал эми ТИМ далил сурады

Жазылуу
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео эгерде талиптер менен байланыш аныкталып калса, Россияга анын баасын өтө кымбат төлөгөнгө туура келет деп опузалады.

Окуя Россия Афганистандагы террорчуларга америкалык аскерлерди өлтүргөнгө акча төлөйт деген маалыматты июнда The New York Times гезити жазып чыкканда башталган. Макалада эч кандай факты келтирилген эмес. Болгону куру сөздөр айтылган. Алар атайын кызматтын аталбаган маалымат булагынын айтканына негизделген. Россия ТИМи The New York жазган макала карандай калп экенин айтып, АКШдан далил талап кылды.

"Тезинен аткаруу зарыл": АКШ Россияны эмнеге жазалагысы бар?

Америкалыктар мындай олуттуу билдирүү менен эмнени жашырганы, дегеле Россияны террорчулар менен байланыштыруу Трампка жардам бере алар-албасын биздин видеодон көрсөңүз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0