Караңгыдагы алоолонгон жалын. Бишкектеги өрттүн асмандан тартылган видеосу

Жазылуу
Бүгүн иңир кирген маалда Бишкек шаарынын чок ортосундагы көчөлөрдүн биринде жайгашкан имарат жалынга чулганды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Москва менен Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде өрт чыкканы боюнча кабар саат 20:40та келген. Алгач өрт өчүрүүчү бир бригада чыгып кетип, андан кийин ага дагы бирөө кошулду.  Ал эми саат 21:30да тилсиз жоону үч бригада өчүрүп жатканы белгилүү болду. Бир аздан соң Москва көчөсүнөн ылдыйыраак Раззаков көчөсүндөгү имараттын күйүп жатканы аныкталды.

Видеодон өрттүн масштабы абдан чоң экендигин көрүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0