Жарылуу болгон Бейруттан көрсөтүлгөн түз эфир

Жазылуу
Ливандын борбору Бейрутта кечээки жарылуудан бери адамдарды издөө жана куткаруу иштери уланууда. Соңку маалыматтарга ылайык, жарылуудан каза болгондордун саны 70тен ашты.

Катуу жарылуу шейшемби күнү кечинде Бейруттагы порттун аймагында катталган.

Шаардагы имараттар жабыркаган, жаракат алгандардын көптүгүнөн улам ооруканалар толуп кеткен. Төрт миңден ашуун киши жарадар болду.

Үрөй учурган жарылуу болгон жерден алынган 14 сүрөт. Бейруттагы трагедия

Ливандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, төрт миңден ашык адам түрдүү жаракаттарды алышкан. Жарылуунун эпкини окуя болгон жерден бир канча чакырым радиус аралыктагы үйлөрдүн терезелерин да талкалаган. Иорданиянын сейсмологиялык обсерваториясы Бейруттагы жарылуу 4,5 баллдык жер силкинүүгө барабар болгонун аныктаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0