Билли Айлиштин жаңы клибин сутка ичинде бир нече миллион адам көрдү

Жазылуу
Америкалык ырчы Билли Айлиш "My future" деп аталган жаңы ырынын клибин жарыкка чыгарды. Роликти режиссер Эндрю Онорато анимация стилинде тарткан.

Ырчы чыгармасында өзүнүн келечегин сүйүп калып аны менен жолугуша турган күндү күтүп жүргөнү жөнүндө баяндайт.

"Биз бул композицияны карантин башталарда жазганбыз. Ал чындыгында жеке өзүмө таандык жана мен үчүн өзгөчө орду бар. Бул чыгарманы жаратып жатканда менин аң-сезимимди үмүт, кубаныч жана өзүн-өзү өнүктүрүү тууралуу ойлор ээлеп турду", — деп айткан Айлиш.

Кыргызстандык кыз Түркиянын тарыхый ырын аткарып, аны Эрдоган бөлүштү. Видео

Клип YouTube каналына коюлгандан бир сутка өткөн соң төрт миллиондон ашык адам көргөнү анык болуп, миллион "лайк" белгиси коюлган. Ал эми жактырбагандар 10 миң адам болгон.

Билли Айлиштин "My future" чыгармасы январь айында Жеймс Бонддун "No time to die" киносунун башкы музыкасы катары аткарган ырынан кийинки биринчи эмгеги.

Жаңылыктар түрмөгү
0