Бейтапты сактайм деп акка моюн сунгандар. Ак халатчандарды эскерген видео

Жазылуу
Коронавирус миңдеген өмүрдү соолутту, эч кимди аяган жок. Алардын арасында жашоосун, бүт өмүрүн саламаттык сактоо тармагына арнаган медиктер дагы бар. Айрымдары ичер суусу түгөнгүчө элге кам көрсө, кээ бири вирус менен күрөшүп жүрүп көз жумду.

Элдин саламаттыгы деп жүрүп набыт болгон медицина кызматкерлерин Sputnik Кыргызстан агенттиги эскерди. Алардын арасында уулунун артынан эле каза болгон, бир учурда төрт бир тууганынан ажырап кийин өзү да пневмониядан көз жумган дарыгерлер бар...

Коронавирус медицина каймактарын терип кетти. Дарттан көз жумган медиктер

Саламаттык сактоо министрлигинин расмий маалыматы боюнча, 30-июлга карата өлкөдө коронавирус дартынан 73 медицина кызматкери каза тапкан. Анын 44ү дарыгер. Бул статистикага саламаттык сактоо тармагында эмгектенген бардык кызматкерлер, пенсияга чыккандар да кошулган. Материалга сүрөтү жана ал тууралуу маалымат табылган 30 гана медик камтылды.

Россиялык медиктердин Кыргызстанга жардамы. Реанимациядан тартылган видео

Белгилей кетсек, 17-июлдан тарта бийлик коронавирус менен пневмонияны чогуу эсептей баштаган. U07.1 коду коронавирус деп эсептелсе, U07.2 клиникалык жана эпидемиологиялык жактан аныкталган ооруканадан тышкаркы пневмония болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0