Пентагон башчысы АКШ аскерлери Германиядан чыгарын жар салды. Видео

Жазылуу
Пентагондун башчысы Марк Эспер Вашингтондо өткөн маалымат жыйында АКШ Германиядагы аскер күчтөрүнүн санын кыскарта турганын билдирди.

Коргоо министринин айтымында, жакын арада Германиядан 12 000 аскер чыгып кетет. Алардын 6 миңден ашыгы мекенине кайтса, калганы Европанын башка өлкөлөрүнө, тагыраагы, Италия жана Бельгияга жиберилет.

"Акыр заманга кадам". АКШ СНВ-3 келишиминен чыккандан кийин эмне өзгөрөт

Америкалык аскерлерди Германиядан алып кетүү планы тууралуу президент Дональд Трамп ушул жылдын июнь айында кеп кылган. Ал өзүнүн чечимин НАТОнун буйругуна карабастан Берлин коргонуу чыгашаларын көбөйтүүгө макул эместиги менен түшүндүргөн. Бул кадам Европа жана Россия үчүн эмнени билдирерин видеодо айтып беребиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0