Физиев жеңишинен кийин кыргызстандыктарга кайрылды. Видео

Жазылуу
Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев UFC мелдешиндеги жеңишинен кийин өлкөдөгү эпидемиялык кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын элине колдоо сөзүн айтты.

Бүгүн таңда Абу-Даби шаарындагы "Мушкерлер аралында" өткөн UFC Fight Island 2 мелдешинде Рафаэль Физиев британиялык Марк Диакезини утуп алды. Үч раунддук беттештин жыйынтыгында калыстар бир добуштан жеңишти кыргызстандык спортчуга ыйгарган.

Ийгиликтүү беттештен кийин кыргызстандык мушкер эмоциялары менен бөлүштү. Анын видео кайрылуусу дүйнөлүк промоушен уюмдун YouTube каналына жарыяланды.

"Биз беттешти ушундай болот деп күткөнбүз, жеңиш менен аяктаарын билгенбиз. Мыкты даярдыкта келген болчубуз. Мен соккуларымды аттандашымдын ич жагына узатып жаттым. Анын териси сыйрылып кетти. Ошого карабай бекем турду, чыдамкайлыгы менен ал мени таң калтырды", — деди Рафаэль беттештен кийин.

Физиев UFC беттешинде "Матрицадагы" трюкту кайра жасады. Видео

Мушкер ошондой эле жеңишин Кыргызстандын элине арнаганын билдирип, колдоо сөздөрүн айтты.

"Менин Кыргызстаным, учурда оор абалды баштан кечирип жатабыз. Бирок биз биргеликте бул апаатты да жеңебиз. Бүгүн биздин команда сиздер үчүн жеңишти камсыздай алдык", — деп белгиледи Физиев.

Бул беттештеги мыкты чеберчилиги үчүн кыргызстандык мушкер гонорарынан сырткары 50 миң доллар акчалай бонуска ээ болду. Анын мушташы уюштуруучулардын чечими менен мелдештеги эң мыкты беттеш деп табылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0