Чалкасынан кетти. Ханзаада менен сүйлөшүп турган кишинин жыгылган видеосу

Жазылуу
Улуу Британиядагы супермаркеттердин биринде иштеген күзөт кызматынын өкүлү ханзаада Чарльз менен сүйлөшүп жатып, чалкасынан жыгылды.

The Independent гезити бул окуя Бристол шаарында болгондугун жазды. Ханзаада Чарльз менен Камилла Паркер-Боулз Asda ири дүкөнүнүн коронавирус пандемиясы учурда тыным албай иштеген кызматкерлерине ыраазылык билдирүү үчүн келген.

Кызматкер колун аркасына алып, Чарльз менен сүйлөшүп туруп, бир учурда теңселип барып, чалкасынан кеткен.

Жанындагылар ага жардамдашууга ашыкканы менен аны кармаганга үлгүрбүй калышкан.

Анткен менен киши көп өтпөй эсине келип, аны кызматкерлер эки карысынан жөлөп ары жакка жетелеп кеткен.

71 жаштагы ханзаада Чарльз коронавирустан айыкты

Бир нече убакыттан кийин анын кайрадан Чарльз менен сүйлөшүп турганын көрүүгө болот.

Маалыматта бул иш-чара чатырдын алдында өткөндүгүн, анын катышуучулары баары бир аралыкты сактап, бири-биринен оолак тургандыгын көрүүгө болот.

Кызматкердин эмнеге жыгылган себебин гезит жазган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0