Коронавируска кабылган ээсин ооруканадан күткөн күчүк. Жүрөк тилген видео

Жазылуу
Видеодогу күчүк Перунун Лима шаарындагы ооруканалардын биринин алдынан бир нече күндөн бери кете элек.

Медиктердин божомолунда, ал коронавирус жуктуруп алып дарыланып жаткан ээсин күтүп жатат. Видео РИА Новостиге жарыяланды.

Иранда иттерди COVID-19ду аныктоого үйрөтүшүүдө. Кызыктуу видео

Дарыгерлер оорукананын эшигинин алдын айланчыктап, кимдир бирөөнү күтүп жаткан күчүктү Фиру деп атап алышкан. Медиктер күн сайын итке тамак берип, аны карап жатканы маалым болду. Видеодо көрүнүп тургандай, куртка кийген күчүк так эле оорукана дарбазасынын түбүндө жатат. Өткөн-кеткендердин айрымдары таңыркай караса, кээ бири башынан сылап өтүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0