Баарыбыз бир кайыктабыз! Жээнбеков элге кайрылуу жасады. Видео

Жазылуу
Мамлекет башчы коронавирус апааты кыргыз элине да кайгы алып келгенин айтып, илдеттен көз жумгандардын жакындарына көңүл айткан. Ошондой эле дарыланып жаткан бейтаптардын эртерээк сакайып кетүүсүн тилеген.

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу элге кайрылуу жасады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Мамлекет башчы коронавирус апааты кыргыз элине да кайгы алып келгенин айтып, илдеттен көз жумгандардын жакындарына көңүл айткан. Ошондой эле дарыланып жаткан бейтаптарга эртерээк сакайып кетүүнү тилеген.

"Азыр элдин саламаттыгы үчүн аёосуз күрөш болууда. Бул күрөштүн ийгилиги элдин биримдигинен көз каранды. Ынтымак, тилектештик менен ар бирибиз жарандык жоопкерчиликти бийик сезсек, бул илдетти жеңебиз. Дарыгерлерибиз өз өмүрүн тобокелге салып, көзгө көрүнбөгөн душман менен жанын аябай кармашып жатат. Алардын ак эмгегине таазим этип, терең ыраазылык билдирем. Адам өмүрү баарынан кымбат. Өлкө президенти катары мен үчүн мындан өткөн ыйык да, бийик да түшүнүк жок. Ар бир жараныбыздын саламаттыгы мамлекеттик мааниге ээ. Жооптуу аткаминерлерден элдин саламаттыгы үчүн жан үрөп иштешин талап кылып жатам. Азыркы кырдаалдагы көйгөйлөрдүн чечилиши жеке өзүмдүн, Коопсуздук кеңештин көзөмөлүндө", — деп айтылат президенттин кайрылуусунда.

Өлкө башчы нааразылыктар ачык айтылып жатканын баса белгилеп, маселени чечүү үчүн болгон күч-аракет жумшалып жатканын кошумчалаган.

Силерге ыраазымын! Жээнбеков күндүзгү стационарга барып, медиктерге жолукту. Видео

"Баарын көрүп, түшүнүп турам. Кемчиликтер аз эмес. Мен да сиздердей болуп алардын тез чечилишин каалайм. Бул 30 жылдан берки топтолгон көйгөйлөр деп актанып отурууга, күнөөлүүлөрдү издөөгө азыр убакыт жок. Ошондуктан тынбай иштеп жатабыз. Болгон аракет көрүлөт жана милдеттер аткарылат! Эл башына түшкөн азыркы оор сыноо ынтымагыбызды чыңдады. Ишкерлерибиз, ыктыярчылар, деги эле кайдыгер эмес мекендештерибиз жардам көрсөтүүдө. Ар бир жаран өз үй-бүлөсү, балдары үчүн жоопкер. Менин жоопкерчилигим — элимдин алдында. Сиздердин колдооңор менен бул кыйынчылыктарды жеңебиз. Мен сиздерге ишенем, урматтуу мекендештерим", — деп жазылган кайрылууда.

Өлкө башчы сөзүнүн соңунда тарых алдында, келечек урпактардын алдындагы жоопкерчилик, милдет бийик экенин айтып, баарына ден соолук каалап кеткен.

"Эл арасында азыр суроо көп. Алардын бири — чет элден, эл аралык финансы уюмдарынан келген жардамды бийликтегилер "жеп койду" деген сөз. Бул боюнча өкмөт элге ачык маалымат берүүдө. Бизде ачык коом. Элдин, мамлекеттин ырыскысына кол салгандарга мен тараптан аёо жок экенин билесиздер. Ошондуктан сиздер менен биргеликте өлкөгө келген жардамды максатсыз коромжу кылдырбайбыз. Улутубуздун улуу инсаны Чынгыз Айтматов айткандай, бүгүн баарыбыз бир кайыктабыз. Руху күчтүү элбиз, элине эмгек кылчу мамлекеттик бийлик бар. Кыргыз оор күндөрдө да "жакшымын" дейт. Жакшыны оозанган элди жараткан Кудай өзү колдойт. Жараткан Кудайдын колдоосу менен, элибиздин биримдиги менен, буюрса, бул күндөрдөн да бийик абийир, ар-намыс менен өтөбүз. Ар дайым элибизде аманчылык, жергебизде тынчтык болсун!", — деп айтылган кайрылууда.

Медициналык кызмат баарына тең болсун! Жээнбеков Суракматов менен сүйлөштү

Кыргызстанда жалпы 8 847 кишиден коронавирус табылып, 116 адам көз жумду.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышыңыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0