Төрага Дастан Жумабеков дарыканаларды кыдырып, бааларды тизмектеп чыкты. Видео

Жазылуу
Кыргызстанда дарылардын баасы обу жок көтөрүлүп жатканы боюнча эл нааразылыгын билдирип, бийлик бул боюнча чара көрүүгө аракет кылып келет.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков бүгүн Бишкек шаарындагы бир нече дарыканаларга кирип, дары-дармектердин баасын сурап чыкты. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Пандемияда кымбаттаган дарылар: чыга элек токтом, алакан жайган аптека ээси

Ошондой эле Жумабековдун дарыканаларды кыдырып жүргөн видеосу да жайгаштырылды.

“Төрага айрым дарыканаларда кезек күткөн элди өз көзү менен көрдү, өзү да кезекке турду”, — деп белгилейт маалымат катчы.

Ал жарандар "дарылардын баасы обу жок көтөрүлдү" деп кайрылышканын белгилеп, төрага тиешелүү органдардан бул кырдаал боюнча кескин чара көрүүнү талап кыларын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0