Деңиз жээгинде сүрөткө түшөм деп... Колуктунун чөгүп кете жаздаган видеосу

Жазылуу
Калифорниянын түштүгүндө деңиз жээгиндеги фотосессия жасап жаткан колукту аз жерден чөгүп кете жаздады.

ABC News басылмасынын маалыматы боюнча, окуя Американын Лагуна-Бич шаарындагы Treasure Island пляжында болгон.

Үй күйүп жатса, өрт өчүрүүчүлөр сүрөткө түшүп... АКШдагы окуя

Кадрдан жубайлар сүрөткө түшүп жаткан маалда ары жактан катуу толкундун келгенин көрүүгө болот. Андан соң эки-үч киши үлпөт көйнөкчөн колуктуну суунун ичинен көтөрүп жээкке алып чыгып жатканы көрсөтүлөт.

Ал жерде куткаруучулар чакырылганы жазылган. Бактыга жараша, жаш жубайлар жаракат алган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0