АКШ Сенаты россиялык С-400дү Түркиядан сатып алууну сунуштады. Видео

Жазылуу
АКШнын "2021-жылга карата улуттук коргонууга каралган бюджетти ассигнациялоо жөнүндө" мыйзам долбооруна киргизилген түзөтүүдөн кийин республикачы-сенатор Жон Тьюн Түркиядан Россиядан чыккан С-400 комплексин сатып алууну сунуштады.

Мындан улам америкалыктар С-400дү Пентагондун бюджетиндеги каражатка сатып алат деген тыянак чыгарууга болот. Түркия россиялык бул системаларды сатып алгандан кийин АКШ менен араздашкан. Вашингтон Анкарадан россиялык комплексти сатып алууну токтотуп, анын ордуна америкалык Patriot системасын сунуштап, ал тургай опузалоого өткөн. Түркияга карата санкция киргизе тургандыгын да айтып, Анкарага F-35 истребителдерин сатпай коебуз дегенге чейин барган. Бирок мунун баары Түркиянын чечимин өзгөртө алган эмес. Түркия жетекчилиги аларга көнбөй, макул болгон эмес.

Сенатор Тьюндун сунушу канчалык деңгээлде чындыкка жакын экенин биздин төмөнкү видеодон көрөсүз.

Жаңылыктар түрмөгү
0