АКШнын чалгын кызматы Россиянын талибдер менен "жакындыгын" төгүндөдү

Жазылуу
АКШнын чалгын кызматы Россия Афганистандагы америкалык аскерлерге кол салуу үчүн талибдер менен байланышы бар согушкерлерге акча сунуштаган деген маалыматты четке какты.

Мындай билдирүүнү президент Дональд Трамп жасаган. Москванын Россияда тыюу салынган "Талибан" кыймылы менен "алакасы" тууралуу макала The New York Times гезитине жарыяланган. Анда эч кандай далил келтирилген эмес, болгону Американын атайын кызматтарындагы анонимдүү маалыматтарга негизделген. Россиянын ТИМи макалада айтылгандарды дароо төгүнгө чыгарып, фейк деп атады. Макаланы Трамп да сындап, кимдир бирөөнүн буюртмасы болушу мүмкүндүгүн жокко чыгарган жок. Мындан тышкары, "республикачыларды жек көрсөтүү" аракети деп баалады. Талибдер да актанууга аргасыз болуп, айтылгандын баарын төгүнгө чыгарган расмий макала даярдашты. The New York Times журналисттеринин апыртмасы тууралуу кененирээк биздин видеодон таанышсаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0