Эки буттап тура калып. Чапчышып урушкан аюулардын видеосу

Жазылуу
Борбордун кызматкери аюуларга салыштырмалуу, жолборстор бул жерден өткөндө изи да билинбестигин, фотокапкан аман-соо каларын жазган.

Россия менен Кытайдын чек арасындагы Еврей автоном облусунда эки аюу эки буттап тура калып урушуп, тосмолорду талкалап салды. Бул тууралуу "Амур жолборсу" борбору" деп аталган уюмдан айтып беришкен.

Фотокапканга түшүп калган түнкү окуя RT YouTube-каналына жарыяланган.

Казакстан: айылды аралап жай баракат жүргөн арстандын видеосу

Анда эки чоң аюунун эки тараптан басып келип, бири-бирин жыттап, андан соң чапчылашып уруша кеткендигин байкоого болот.

"Аюулар баарын талкалап кетишти. Булар башка жерлерди да, кээ бир фотокапкандарды соо калтырбаптыр", — деп билдирген аталган борбордун кызматкери.

Кызматкерлер аюу баары бир эби-сыны жок жаныбар болорун, ал эми жолборстор бул жерден өткөндө изи да билинбестигин, фотокапкандар аман-соо каларын айтып беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0