Башка, бетке, чыкыйга тээп... UFC беттешиндеги эсте калчу учурлардын видеосу

Жазылуу
Бул үч мүнөттүк видеодо мушкерлердин беттештеги эсте каларлык учурлары камтылган. Алардын ичинен Дастин Порье катышкан мушташ “жылдын мыкты беттеши” наамына ат салышууда.

Лас-Вегаста UFC уюмунун кезектеги турнири өттү. Кечедеги эл көптөн күткөн беттеш жеңил салмактагы мурдагы убактылуу UFC чемпиону Дастин Порье менен Дэн Хукердин кармашы болду. Мушкерлер таймаштын башынан-аягына чейин бири-бирин аяган жок.  Жыйынтыгында Порье калыстардын чечими менен жеңүүчү деп табылды.

“Бул “жылдын мыкты беттеши” наамына ат салышары талашсыз”, — деп жазылат UFC уюмунун сайтында. 

Турнирде орточо салмак категориясында Мак Перри Микки Галланы утуп алды. Дагы бир беттеште Морис Грин Жиан Виллантени муунтуу ыкмасына салып жеңди.

Жаакка муштап, көмкөрөсүнөн түшүрүп... UFC уюмундагы ыкчам жеңиштердин видеосу

Ал эми Такаши Сато, Джулиан Эроса, Хама Ворти, Таннер Босер жана Кей Хансен мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0