"Россия коркунучу". Германия министри максатына жетүү үчүн кандай кадамга барат

Жазылуу
Германиянын коргоо министри Аннегрет Крамп-Карренбауэр "Россия коркунучун" түшүнүп кабыл алуу үчүн НАТО менен жалпы стратегия иштеп чыгууга чакырды.

Министрдин айтымында, бул маселе альянс үчүн өтө маанилүү.

"Россия Европа менен НАТО алдуу-күчтүү экенин так түшүнүшү керек, биз максаттарыбызды билебиз, Россиядан келе турган коркунучка каршы олуттуу аракеттерге барабыз", — деди ал АКШнын Atlantic Council аналитикалык борборундагы талкуу учурунда.

Россия эми дүйнөлүк террорчулукка айыпталууда. Америкалыктардын акыл парасаты

Бирок Крамп-Карренбауэрдин айтканы менен макул болбогон саясатчылар менен бизнесмендер бар. Акыркы убакта алар Москваны ишенимдүү өнөктөш деп билип, Россия менен кызматташууну өнүктүрүү керектигин айтышууда. Министрдин оюнда эмне бар экенин жана бул билдирүүлөрдүн Германияга тийгизчү залакасы тууралуу биздин видеодон көрсөңүз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0