Сөөлжанды тамакка кошуп... Латвиядагы илимий тажрыйбанын видеосу

Жазылуу
Латвиялык окумуштуулар тамак-ашка өзгөчө азык кошуу боюнча ыкманы ойлоп чыгышкан. Эми алар кадимки сөөлжанды кургатып, ун азыктарына аралаштырып, пайдалана башташты.

Латвиядагы Айыл чарба университетинин азык-түлүк технологиясы боюнча факультетинин доценти Илга Гедровица сөөлжан белок катары көп жылдан бери колдонууда экендигин айтты.

"Мени бул жаныбарларды кадимки азыктарга колдонууга болот бекен деген суроо кызыктыра баштады. Себеби көп өлкөлөрдөгү жашоочулар кадимки эттин ордуна белок затына бай болгон курт-кумурскаларды пайдаланып келишет эмеспи", — деп билдирди адис.

Эми Ригадагы окумуштуулардын илимий иштеринен кийин ундан жасалган нан же кекстерге сөөлжан да кошула баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0