Абылгазиев өкмөт менен тажрыйба бөлүшүп, иштешүүгө даяр экенин айтты. Видео

Жазылуу
Өз каалоосу менен отставкага кеткен Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт мүчөлөрүнүн милдетин аткаруучулар менен жолугушуп, аларга кызматташкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуу маалында Абылгазиев келерки өтмөттүн ишине ийгилик каалап, Кыргызстан мындан ары дагы такшалган адистерге муктаж экенин белгиледи.

"Жарандардын кызыкчылыгы, экономика, өсүп келе жаткан муунга камкордук бардык рангдагы кызматкерлердин ишинин артыкчылыктуу багыты болушу керек. Жаңы келген өкмөт бизден дагы чечкиндүү, бизден дагы кыраакы болсун. Колумдан келсе тажрыйбамды бөлүшүп, иштешүүгө даярмын", — деди Абылгазиев.

Экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт мүчөлөрүнүн милдетин аткаруучулар менен жолугушуу учрунда - Sputnik Кыргызстан
Абылгазиев кол алдындагылар менен коштошуп, ийгиликтерин атады
Сөзүнүн аягында ал президент Сооронбай Жээнбековго, өкмөт мүчөлөрүнө, Жогорку Кеңештин төрагасына, депутаттарга жана аймактардагы өкүлдөргө ыраазычылык билдирди.

Эске салсак, 15-июнь күнү Мухаммедкалый Абылгазиев премьерликтен кетүү боюнча арызын жазды.

Ал эми бүгүн парламентте көпчүлүк коалиция өкмөт башчылыкка мурдагы биринчи вице-премьер Кубатбек Бороновдун талапкерлигин сунуштап, колдоп берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0