Бишкек: 6-кичи райондо чыккан өрттөн кийинки абал. Асмандан тартылган видео

Жазылуу
Бүгүн Бишкектин түштүк тарабындагы коомдук тамактануучу жай жана дарыканадан өрт чыгып, жалын жанындагы объектилерге да жармашты. Тилсиз жоонун кесепетинен бир адам каза тапты.

Калаанын 6-кичи районундагы Юнусалиев менен Сухэ-Батор көчөлөрүнүн кесилишинде өрт чыкканы туурасында маалымат саат 15.48де түшкөн. Жеринде өрт өчүрүүчү алты бригада иштеп, бир саатта жалын чектөөгө алынды.

Бишкек шаарындагы 6-кичи райондон чыккан өрт - Sputnik Кыргызстан
ӨКМ: Бишкекте чыккан өрттөн бир киши каза тапты
Күлгө айланган имараттын ичинен бир адамдын сөөгүн алып чыгышты. Анын ким экени такталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, коомдук тамактануучу жай менен дарыкана күйгөн. Күбөлөр жалын жанындагы күркөлөргө дагы жармашканын айтууда.

Кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда, бирок алдын ала божомол боюнча, өрт газ баллондун жарылуусунан улам чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0