Кыргызстанда чаламандын чак түшүндө тонолгон банк. Окуянын видеосу

Жазылуу
Кыргызстандагы банктардын бирине эки белгисиз адам кирип, кассада отурган кызматкерге тапанча такап, акча алып кетишкен. Мунун баары эки мүнөттүн ичинде болгон. Окуя видеокамерага түшүп калган.

Өздүк булактардын маалыматына ылайык, окуя 12-июнь күнү түшкү саат 13:00дөрдө Кыргызстандагы "Керемет банк" мекемесинин филиалдарынын биринде болгон.

Задержание подозреваемого в разбое в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте дүкөн тоногону кирген куралчан бала кароолчуну көрүп качып кетти. Сүрөт
Видеодо көрүнүп тургандай, кассир аял телефон менен сүйлөшүп кабинкага кирип, эшикти кулпулаган. Ошол учурда ал жакка бет капчан, кара футболка, кара шапке кийген киши кирип келген. Ал аялга тапанча такаганда артынан күзөтчү кирип барган. Бирок бет капчан адам аны жерге жыгып салган.

Эшиктин түбүндө турган шериги бери келип, банк кызматкерлеринин баарын бир бөлмөгө киргизген. Кылмышка шектүүлөр эки мүнөттүн ичинде кассадагы акчаны алып кеткенге жетишкен.

Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы окуяны тастыктап, банк тоногондор изделип жатканын билдирди. Аталган факт Кылмыш кодексинин 202-беренеси ("Каракчылык") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Бишкек ШИИБдин маалыматына караганда, банк кызматкери айгай салган кнопканы басканга жетишип, жерине "Аякс" күзөт агенттигинин кызматкерлери барган.

Жаңылыктар түрмөгү
0