Франциянын полициясы көздөн жаш агызган газ менен элди кубалады

Жазылуу
АКШдагы Жорж Флойддун өлүмүнөн кийинки толкундоо Европага да жеткен. Франциянын Лилль шаарында полиция расизмге каршы чыккан элге көздөн жаш агызган газ чачып, кубалап таратты.

Тартип сакчылары Республика аянтына чогулган жүздөгөн демонстранттарды курчап алып, андан ары шаардын борборун көздөй жылууга мүмкүнчүлүк берген жок.

Абал чыңала баштаганда элди таратуу үчүн полиция көздөн жаш агызган газды колдонгон.

Бывший сотрудник полиции Миннеаполиса Дерек Шовен - Sputnik Кыргызстан
Флойддун өлүмүнө шектелип жаткан полиция биринчи жолу сотто жооп берет
Эске салсак, 46 жаштагы афроамерикалык Жорж Флойд майдын аягында Миннеаполисте полиция кармап күч колдонгондон кийин көз жумган. Маркум жасалма акча пайдаланды деген шек менен кармалган. Полиция кызматкерлери афроамерикалыктын колуна кишен салгандан кийин жыгып, үчөөлөп басып калган видео тараган. Бирөөсү моюндун күрөө тамыр өткөн бөлүгүн тизеси менен кысып, басып турат. Флойддун бир нече жолу "дем ала албай жатам" деп айтып, андан кийин тынчып калганын көрүүгө болот.

Анын өлүмү элдин жаалын кайнатып, АКШда эле эмес, башка жерлерде да нааразылык толкундарын жаратты. Ал эми Американын бир нече шаарында башаламандык болуп, талап-тоноо күч алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0