Америкадагы саясий күчтөр өлкөдөгү абалды өз кызыкчылыгына колдонуп...

Жазылуу
АКШда эки аптадан бери расизм жана полициянын жосунсуз жоруктарына каршы нааразылыктар токтобой келет. Эл 46 жаштагы афроамерикалык Жорж Флойд Миннеаполис шаарында полициянын колунан өлгөндөн кийин көчөгө чыкты.

Тынчтык менен чыккан демонстрациялар башаламандыкка айланды, тартип коргоочулар менен кагылышып, талап-тоноо күч алды. Көп шаарлардагы абалга полиция көзөмөл кыла албай калды. Эл бизнесин колуна курал алып коргоого аргасыз болууда. Ал эми талап-тоногондорду айыптагандар алардын көзүнө душман көрүнө баштады.

Акыйкаттык орнобосо, тынчтык болбойт! АКШда эл Флойд менен коштошкон видео - Sputnik Кыргызстан
Акыйкаттык орнобосо, тынчтык болбойт! АКШда эл Флойд менен коштошкон видео
Ал арада "кара түстүүлөрдүн жашоосу да мааниге ээ" деген ураан АКШнын аймагынан чыкты. Акциялар Европага, Латын Америкасына, ал тургай Жакынкы Чыгышка жайылды. Анткен менен АКШ бийлиги коомчулуктагы бөлүнүп-жарылууну токтотууга, өрттү өчүрүүгө ашыккан жок. Ал эми саясий күчтөр өлкөдөгү каатчылыктан пайда көрүп калууга жанталашып жатат.

АКШнын бир шаарларында полиция кызматкерлери нааразылыкка чыккандардын алдында тизелеп, алар менен кучакташып жатса, башка жерлеринде тартип сакчылар кепке келбей, терс мамиле жасап, митингге чыккандардын жаалын кайнатууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0