АКШ Россияга Жакынкы Чыгыштан "чыгып кетүү" талабын койду

Жазылуу
АКШнын мамлекеттик департаменти Россия Жакынкы Чыгыштан "чыгып кетиши керек" деп эсептейт. Мындай пикирин Вашингтондогу Жакынкы Чыгыш институтунда сүйлөп жатып АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дэвид Шенкер айтты.

Брифинг официального представителя МИД России М. Захаровой - Sputnik Кыргызстан
Захарова РФтин Жакынкы Чыгыштагы ролу боюнча АКШнын билдирүүсүнө жооп берди
Шенкер бул аймактагы Россиянын ролун өтө кооптуу жана зыяндуу деп баалады. Ошол эле учурда Американын ролу тууралуу кеп кылган жок.

Акыркы он жылдыкта Вашингтон Жакынкы Чыгыштагы көз карандысыз өлкөлөрдүн ички иштерине аралашып, өздөрүнүн геосаясий максаттарын көздөгөн учурлар аз эмес. Террорчуларды каржылап, андан сырткары, кайтып жатканда башаламандык кылып, талкалап кеткен мисалдар дагы бар. Андай тагдырга кабылгандардын арасында Сирия, Ливия жана Ирак болду. АКШ Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды кантип курчутуп жатканын биздин видеодон көрүңүз.

Жаңылыктар түрмөгү
0