Бишкекте күйгөн үйдү өрткө каршы кызмат менен эл кошо өчүрүүдө. Видео

Жазылуу
Интернетте Бишкектин Алтын-Ордо жаңы конушундагы үйдөн чыккан өрт өчүрүлүп жаткан учурдун видеосу тарады. Жеринде өрт өчүрүүчүлөр дагы деле иштеп жатат.

Кырсык тууралуу кабар Өрт өчүрүү кызматына саат 12ден кийин түшкөн. Конуш шаардын түштүк-чыгыш тарабында орун алган.

Күбө жеринде тартылган видеону жарыялады. Анын айтымында, бул үйдө бензин сатышчу. Бирок бул тууралуу расмий айтылган жок.

Кадрлардан көрүнүп тургандай, үйдүн экичи кабаты күйүп жатат. Ошондой эле өрт өчүрүүчүлөр жана Кайгуул милициясы келип калганын байкоого болот.

Башка видеодо жергиликтүү эл өрттү өчүрүүгө кол кабыш кылып жатканы көрүнөт.

Жеринде өрт өчүрүүчү эки бөлүм иштеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0