Шевченко менен Чукагян көз караштар таймашына бет капчан чыкты. Видео

Жазылуу
31-майга караган түнү Антонина Шевченко менен Кэтлин Чукагян беттешет. Спортчулар бүгүн көз караштар таймашын өткөрүштү.

Кыргызстандык мушкер кыздын беттеши Бишкек убактысы боюнча саат 6.30 менен 7.30дун ортосунда болот. Алардан кийин кеченин башкы беттеши өтүп, Тайрон Вудли менен Гилберт Бернс кармашат.

Мелдеште бир эле мушкердин эже-сиңди Шевченколор менен удаа беттешип жатканы тарыхта боло элек болчу. UFC уюмунун бул турниринин өзгөчөлүгү да ушунда. Эскерте кетсек, ушул жылдын февраль айында өткөн акыркы таймашында Чукагян Валентина Шевченкого техникалык нокаут менен утулуп калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0