Бөйрөгүмдү сатайын десем, жараксыз экен. Майып кыздын оорулуу энесинин баяны

Жазылуу
Ош шаарынын 38 жаштагы тургуну Жыпаргүл Нарматова учурда өзүнүн ден соолугунан да кызынын басып кеткенин маанилүү деп билет. Кичинекей Касиетке биринин артынан бири боло берип, баш-аягы сегиз операция жасалган.

Оорунун айынан вагондобуз! Гемофилиядан жабыркаган Аскат операцияга акча издөөдө - Sputnik Кыргызстан
Оорунун айынан вагондобуз! Гемофилиядан жабыркаган Аскат операцияга акча издөөдө
10 жаштагы Касиет төрөлгөндөн баштап эле эки буту кыймылдабайт, өз алдынча баса албайт. Бул оору үч айлык ымыркай кезинде байкалыптыр. Келечекте балерина болууну самаган кыз буттары баспагандыктан, кадалып бир орунда отурууга аргасыз. Анткен менен соңку операциядан кийин буттары бир аз кыймылдай баштаган, бирок басууга жарай элек.

Жыпаргүл Нарматова биз менен болгон маегинде жалгыз бой экендигин айтып отурду. Майып кызынан сырткары 11 жаштагы Абдуазиз аттуу уулу бар.

Ал 2008-жылы Бишкек шаарында түпкүлүгү өзбекстандык, Жизак аймагынан келген жигитке турмушка чыккан.

"Өзүм Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагында төрөлүп, өстүм. Бишкек шаарында тигүү цехтеринде иштеп жүрүп, турмушка чыктым. Алгач уулдуу, андан соң кыздуу болдук. Ымыркай үч айга толгондо дарыгерлер кызымдын буттары төрөлгөндөн баштап эле кыймылдабай турганын аныкташты. Ошол мезгилде мени тагдырдын оор сыноосу күтүп турган экен. Жолдошум бул кабарды угаары менен чалкасынан кетип, "кызыбызды балдар же майыптар үйүнө тапшырып салалы, майып баланы бага албайм, ага каражат көп кетет" дей баштады", — деди эне көзүнө жаш ала.

Нарматова, албетте, күйөөсүнүн айткандарын четке каккан. Аргасы түгөнгөн, акырында жолдошу менен ажырашып, эки баласы менен жалгыз калат.

"Боор этимден жаралган чүрпөмдү кантип балдар же майыптар үйүнө таштайм. Наристеден баш тартып, күйөөнү тандоого жүрөгүм чыдамак эмес. Ошол себептен 10 жылдан бери кызымды жонумда көтөрүп, чоңойтуп келе жатам", — деди Нарматова. 

© Sputnik / Зульфия ТургуноваЖыпаргүл Нарматованын майып кызынан сырткары 11 жаштагы Абдуазиз аттуу уулу бар
Бөйрөгүмдү сатайын десем, жараксыз экен. Майып кыздын оорулуу энесинин баяны - Sputnik Кыргызстан
Жыпаргүл Нарматованын майып кызынан сырткары 11 жаштагы Абдуазиз аттуу уулу бар

Германиядан дарыгер чакыртуу үчүн батиримди саттым...

10 жаштагы Касиетке жергиликтүү дарыгерлер төрөлгөндө эле "буттарынын сөөктөрү өз ордунан жылып чыгып кеткен" деген аныктама коюшкан.

"Кызым басып кетсин деген тилек менен медиктерге кеңешип, издеп, Германиядан атайын дарыгерлер тобун чакыртууга аргасыз болдум. Шаардагы үч бөлмөлүү батиримди саттым. Себеби операция жасатууга жана андан кийинки дары-дармектерине 30 миңдей доллар керек эле. Операцияны Германияга биз барып жасатсак кете турган акча ал жактан дарыгерлерди чакырганга караганда кыйла арзаныраак болмок. Бирок ал жакка баруу үчүн мыйзам боюнча чек арадан кызымды алып өтүүгө мурунку жолдошумдун уруксаты керек эле. Ал кишинин кайда экенин таппай күйбөгөн жерим күл болду", — дейт Нарматова.

Германиялык дарыгерлер майып кызга "шал илдетине чалдыккан" деген аныктама коюшкан.

Касиеттин буттары буга чейин эч нерсе сезбесе, акыркы операциядан соң бир аз кыймылга келе баштаган. Бирок кыз тура албайт, өз алдынча баса албайт.

Кызын айыктыруу үчүн бардык нерсеге даяр эне өз батирин саткан соң учурда жатакананын бир бөлмөсүн ижарага алып күн кечирүүдө. 

© Sputnik / Зульфия Тургунова10 жаштагы Касиет төрөлгөндөн баштап эле эки буту кыймылдабайт, өз алдынча баса албайт. Бул оору үч айлык ымыркай кезинде байкалыптыр
Бөйрөгүмдү сатайын десем, жараксыз экен. Майып кыздын оорулуу энесинин баяны - Sputnik Кыргызстан
10 жаштагы Касиет төрөлгөндөн баштап эле эки буту кыймылдабайт, өз алдынча баса албайт. Бул оору үч айлык ымыркай кезинде байкалыптыр

Бөйрөгүмдү сатайын десем, кант диабетине кабылыптырмын

"Касиет чоңойгон сайын ага салмак кошулуп, ары-бери көтөрүү мен үчүн канчалык азап болсо да чыдоого мажбурмун. Атасы бизди таштап кеткен бойдон бир ирет да кайрылып балдарын сураган жок. Эми кезектеги операцияны Түркиядан жасатууга акча каражатым жок. Баш-аягы 18 миң доллар керектелет экен. Атам буга чейинки операциясына акыркы торпогун сатып акчасын берди. Аргам түгөнгөндө Оштогу облустук ооруканадагы дарыгерлерге кайрылып, "донор издеген бейтаптар болсо таап бериңиздер, кызымдын операциясы үчүн бөйрөгүмдү сатам, канымды да кошо берем" дедим. Алар менден анализ алып, кант диабетине чалдыгып калганымды, ошол себептен бөйрөгүм да, каным да башка бирөөгө керекке жарабай турганын айтышты", — дейт Нарматова. 

© Sputnik / Зульфия ТургуноваЭне кызынын илдети менен күрөшүп жүрүп, ден соолугу жабыркап, өтүн алдырган. Көп узабай кант диабети, андан сырткары, боор оорусуна да чалдыкканын байкабай калган
Бөйрөгүмдү сатайын десем, жараксыз экен. Майып кыздын оорулуу энесинин баяны - Sputnik Кыргызстан
Эне кызынын илдети менен күрөшүп жүрүп, ден соолугу жабыркап, өтүн алдырган. Көп узабай кант диабети, андан сырткары, боор оорусуна да чалдыкканын байкабай калган

Ал кызынын илдети менен күрөшүп жүрүп, ден соолугу жабыркап, өтүн алдырган. Көп узабай кант диабети, андан сырткары, боор оорусуна да чалдыкканын байкабай калган.

"Касиетти көпкө чейин көтөрүп койсом, боорум шишип кетет. Азыр мага кызымдын ден соолугу үчүн күрөшүү маанилүүрөөк. Анын келечеги алдыда деп ойлойм", — дейт ал.

Балам оорулуу... Өзгөндө кароолканада жашаган аялдын тагдыры видеодо - Sputnik Кыргызстан
Балам оорулуу... Өзгөндө кароолканада жашаган аялдын тагдыры видеодо
Нарматованы азапка салган дагы бир көйгөй — кызын Түркиядан операция жасатууга алып баруу үчүн мурдагы жолдошунун аталык укугунан баш тарттым деп жазып берген катын ала албай жүргөнү. Жолдошу Абдулхамид Искендеров, жогоруда айтылгандай, Өзбекстандын жараны болгондуктан анын телефон номерин таап, бир ирет байланышка чыккан, бирок кайра дайын-дарегин билдирген эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0