Жаакка муштап, көмкөрөсүнөн түшүрүп... UFC уюмундагы ыкчам жеңиштердин видеосу

Жазылуу
Турнирине катышуу ар бир спортчунун кыялы болгон Абсолюттук мушкерлер уюму (UFC) өзүнүн тарыхындагы чагылгандай тез аяктаган жеңиштердин видеосун топтоп чыгарды.

Тасма промоутерлик компаниянын расмий YouTube-каналына жарыяланды.

Роликтин башында уюмдун тарыхында эң аз убакытта нокаут менен жеңишке жеткен мушкер Хорхе Масвидалдын беттеши көрсөтүлөт. Ал былтыр атаандашы Бен Аскренди секирип келип тизеси менен башка тээп, беш секунданын ичинде уткан. Буга чейин эң ыкчам нокаут 1996-жылы катталып, мушкерлердин кармашы сегиз секундага гана созулган.

UFC Fight Night в Бостоне - Sputnik Кыргызстан
Мээлеп барып тумшукка бир урду. UFC мушкеринин нокауту видеодо
Андан кийинки кадрда ирландиялык атактуу мушкер Конор Макгрегор. 13 секунда ичинде бразилиялык мушкер Жозе Алдуну жаакка муштап, чемпиондук курун тартып алганына күбө болосуздар.

Кыздардан Ронда Роузи 14 секунданын ичинде атаандашы Кэт Зинганонун колун кайрып утуп алган. Роузи UFC уюмунда чемпиондук курду тагынган алгачкы аял мушкер. Анын арты менен көп кыз-келиндер аралаш мушташка келгени айтылат. Соңку эки беттешинде нокаут менен утулгандыктан, карьерасын жыйынтыктаган.

Мындан сырткары уюмдун учурдагы жана экс-мушкерлеринин ар кандай ыкмалар менен ыкчам убакытта жеңишке жеткенин көрө аласыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0