Бишкек: коомдук транспорттун карантинден кийин иштеген биринчи күнү. Видео

Жазылуу
25-майда Бишкекте автобус, троллейбус жана маршруткалар кайрадан каттай баштады. Коомдук транспорттун карантинден кийинки биринчи иш күнүн Sputnik Кыргызстандын видеосунан көрүңүз.

Коомдук транспорт адаттагыдай эле иштеп жатат, бирок санитардык коопсуздук талаптар сакталганын байкоого болот. Кире берген жерге санитайзерлер орнотулган, ал эми айдоочулар менен жүргүнчүлөр бет капчан, кол капчан жүрүшөт.

Айдоочулар менен жүргүнчүлөргө коюлган талаптар:

— жүргүнчүлөрдү ташуу бет кап же респираторчон жасалышы керек. Антисептик каражаты, кол кап менен бет кап сөзсүз болушу шарт;

— кире бериште санитайзер коюлушу керек;

— автоунаанын ичинде киши 60-70 пайыздан ашпасын;

— туткалар, отургучтар, кармагычтар бир каттап келгенден кийин дезинфекциялансын;

— кезек жаралбашына жана элдин аралыкты сакташына шарт түзүү зарыл.

Кыргызстандагы COVID-19

Открытие парка им. Герою Советского Союза Чолпонбаю Тулебердиеву в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жакшы жаңылык! Бишкекте сейил бактар ачылмай болду
Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1433 болуп, 992 бейтап айыкты. Тилекке каршы, COVID-19 он алты кишинин өмүрүн алган.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдөгү абал тууралуу Sputnik Кыргызстан тексттик баяндама жүргүзүүдө.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0